Майлуу-Суу медициналык колледжинин «Стоматология» адистиги аккредитациялоодон ийгиликтүү өттү

2018-жылы 25-26-июнь күндөрү Майлуу-Суу медициналык колледжинде «Окуу жайды аккредитациялоого даярдоо жана колледждин өзүн-өзү баалоо ишмердүүлүгүн уюштуруу методикасы» деген темада семинар-тренинг өткөрүлгөн.

2018-жылдын 9-10-ноябрында «Эл баасы» Аккредитациялык агенттиги тарабынан түзүлгөн комиссия, ОшМУнун эл аралык медицина факультетинин кафедра башчысы, м.и.к., доцент К.Ш. Сакибаевдин жетекчилиги менен Майлуу-Суу медициналык колледжинин 060105 «Стоматология» адистигин аккредитациялоонун 1-этабынан өткөрдү.

«Эл баасы» агенттигинин Аккредитациялык кеңешинин 2018-жылдын 24-ноябрындагы отурумунда 11-протокол менен Майлуу-Суу медициналык колледжинин 060105 «Стоматология» адистиги аккредитациялоодон ийгиликтүү өттү деген чечим чыгарылды.