Кыргыз-Өзбек университетинин орто кесиптик программалары аккредитациялоодон ийгиликтүү өттү
2018-жылдын 16-17-ноябрында «Эл баасы» Аккредитациялык агенттиги тарабынан түзүлгөн комиссия, ОшТУнун автомобилдик транстпорт факультетинин деканы, т.и.к., доцент Б.А. Жоробековдун жетекчилиги менен Кыргыз-Өзбек университетинин колледжинин төмөнкү адистиктерин аккредитациялоонун 1-этабынан өткөрдү:
- 190604 « Автомобиль транспортун оңдоо жана аларды техникалык жактан тейлөө »
- 140212 « Электр менен жабдуу (тармактар боюнча) »
- 230109 « Эсептөө техникасы менен автоматташтырылган системаларды программалык камсыздоо »;
- 050709 « Башталгыч класстарда окутуу »;
- 260903 «Тигүү буюмдарын конструкциялоо, моделдештирүү жана технологиясы »
«Эл баасы» агенттигинин Аккредитациялык кеңешинин 2018-жылдын 24-ноябрындагы отурумунда Кыргыз-Өзбек университетинин колледжинин жогорудагы адистиктери 5 жылдык мөөнөткө аккредитациялоодон ийгиликтүү өттү деген чечим чыгарылды.