Ош гуманитардык-педагогикалык институту программалык жана институционалдык аккредитациядан ийгиликтүү өттү

«Эл баасы» агенттиги Ош гуманитардык-педагогикалык институтун 2020-жылдын 29-декабрында программалык жана институционалдык аккредитациядан өткөрдү.

ОГПИде студенттер үчүн заман талабына жооп берген 4 окуу корпусу, 650 орундуу студенттик жатакана, жогорку ылдамдыктагы интернет жана 450 компьютер менен жабдылган 13 компьютердик зал, 2 виртуалдык лаборатория, 100 компьютерден турган 2 электрондук китепкана, 40 компьютерден турган дистанттык билим берүү жана тестирлөө борбору, интерактивдүү доскалар менен жабдылган 20 заманбап мультимедиялык каана, видеопроекторлор менен жабдылган 15 лекциялык зал, 150 орундуу 3 окуу залы, китепкана, 2 спорттук, 1 гимнастикалык, 1 күрөш залы, 2 теннистик корт, 3 студенттик ашкана кызмат көрсөтөт. Мындан тышкары Эгемендүү Кыргызстан борбору, Улуттук Рух борбору, Тилди интенсивдүү үйрөтүү борбору, Музыкалык маданий-эстетикалык борбор, Окутуунун инновациялык технологиялары борбору, Айтматов таануу борбору, Экологиялык борбор, Лидерликке үйрөтүү борбору, Медия борбору, Жандуу бурч борбору, Америка таануу борбору, Манас таануу борбору, Этнопедагогика жана тарых борбору, «Эрк» спорт клубу жана ондогон студенттик дебат, дискуссиялык, чыгармачыл, илимий клубдар, ийримдер иш жүргүзөт.