2025-жылдын 28-мартында “Эл баасы” агенттигин Аккредитациялоо кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү. Отурумга Аккредитациялоо Кеңешинин мүчөлөрү, агенттиктин кызматкерлери, күн тартибиндеги билим берүү уюмдарын аккредитациялоого катышкан эксперттик топтордун төрагалары (төрайымдары) жана аккредитацияланган билим берүү уюмдарынын жетекчилери катышты.
Күн тартибинде төмөнкү маселелер каралды:
1. Талас агрардык-экономикалык колледжин институционалдык аккредитациялоонун жыйынтыктары жөнүндө;
2. А.Ж Мырсабеков атындагы Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде ишке ашырылып жаткан 550600 “Көркөм билим берүү” багыты боюнча магистратура академиялык даражасын программалык акредитациялоонун жыйынтыктары жөнүндө;
3. Ош шаарындагы “Силк Роуд Эдюкейшн” Жоопкерчилиги чектелген коомуна тиешелүү Кыргызстан Эл аралык мектебин программалык аккредитациялоонун жыйынтыктары жөнүндө.
Ар бир маселе боюнча эксперттик топтордун төрагалары (төрайымдары) кыскача баяндама жасашты. Кеңештин мүчөлөрү тарабынан берилген суроолорго да жооп беришти.
Жыйынтыгында бир добуш менен төмөнкүдөй чечимге келишти:
1. Талас агрардык-экономикалык колледжи – 3 жылга аккредитациялоодон өттү;
2. А.Ж Мырсабеков атындагы Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде ишке ашырылып жаткан 550600 “Көркөм билим берүү” багыты – 5 жылга аккредитациялоодон өттү;
3. Ош шаарындагы “Силк Роуд Эдюкейшн” Жоопкерчилиги чектелген коомуна тиешелүү Кыргызстан Эл аралык мектеби 5 жылга аккредитациялоодон өттү.

