2025-жылдын 18-февралында Талас агрардык-экономикалык колледжинде институционалдык аккредитация болуп өттү. Аккредитациялоону өткөрүү үчүн 2025-жылдын 12-февралындагы №1 буйругу менен сырттан эксперттик баалоо комиссиянын курамы түзүлүп, окуу жайына баруу программасы бекитилди. Эксперттик комиссиянын курамы:

  • Малдыбаева Мээрим Манасбековна – Талас медициналык колледжинин директорунун окуу иштери боюнча орун басары – комиссиянын төрайымы;
  • Чокоев Расул Искендерович – ТалМУнун алдындагы “Шакирт” окуу-өндүрүштүк борборунун директору – комиссиянын мүчөсү;
  • Сариева Ирина Керимовна – “Эл баасы” агенттигинин директорунун орун басары, аккредитациялоо процессин уюштуруучу.

Комиссия өз ишин бекитилген программага ылайык 2 күн жүргүздү, т.а. иш-кагаздарынын мамлекеттик стандарттын талаптарына шайкеш келүүсү каралды, окуучулар, ата-энелер, бүтүрүүчүлөр, социалдык өнөктөштөр менен жолугушуулар уюштурулуп, тиешелүү суроолорго жооптор алынды. Ошондой эле, эксперттик комиссия билим берүү уюмунун материалдык-техникалык базасы менен таанышып чыкты.

Жыйынтыгында эксперттик топ өз корутундусун Аккредитациялоо агенттигинин аккредитациялоо кеңешине сунуштады.

Жооп калтыруу