2025-жылдын 18-19-февраль күндөрү А.Мырсабеков атындагы Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде ишке ашырылып жаткан “Көркөм билим берүү” багыты боюнча магистратура академиялык даражасындагы жогорку кесиптик билим берүү программасы аккредитациядан өттү. Аккредитациялоону өткөрүү үчүн 2025-жылдын 17-февралындагы №2 буйругу менен сырттан эксперттик баалоо комиссиянын курамы түзүлүп, окуу жайына баруу программасы бекитилди.

Эксперттик комиссиянын курамы:

  • Дуйшеналиев Жумабек Сапаралиевич – Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун “Информатика, технология жана искусство” кафедрасынын башчысы, комиссиянын төрагасы;
  • Ормонов Рахматулла Абдырахманович – ОшМУнун Педагогика, искусство жана журналистика институтунун “Элдик музыкалык аспаптарды аткаруу жана ырдоо” кафедрасынын башчысы, комиссиянын мүчөсү;
  • Асилбек кызы Жыпара – “Эл баасы” агенттигинин башкы эксперти, аккредитациялоо процессин уюштуруучу.

Комиссия өз ишин бекитилген программага ылайык 2 күн жүргүздү, т.а. иш-кагаздарынын мамлекеттик стандарттын талаптарына шайкеш келүүсү каралды, окуучулар, ата-энелер, бүтүрүүчүлөр, социалдык өнөктөштөр менен жолугушуулар уюштурулуп, тиешелүү суроолорго жооптор алынды. Ошондой эле, эксперттик комиссия билим берүү уюмунун материалдык-техникалык базасы менен таанышып чыкты.

Жыйынтыгында эксперттик топ өз корутундусун Аккредитациялоо агенттигинин аккредитациялоо кеңешине сунуштады.

Жооп калтыруу