Мекеменин миссиясы
“Билим берүү уюмдарынын жана программаларынын ишмердүүлүгүн көз карандысыз, объективдүү жана ачык баалоо аркылуу билим берүүнүн жогорку сапатын камсыз кылуу жана өнүктүрүү, коомчулуктун пикирин эске алуу менен”.
Биз жөнүндө
“Эл Баасы” аккредитациялоо агенттиги биринчи жолу 2014-жылдын 29-апрелинде Ош облустук юстиция башкармалыгында мекеме катары каттоодон өткөн. Уюштуруучулары болгон:
- Манасбек Бабакулов, Кыргыз Республикасынын жараны, ветеринария илимдеринин доктору, профессор
- Сопуев Адахимжан Сопуевич, Кыргыз Республикасынын жараны, физика-математика илимдеринин доктору, профессор
2023-жылы мекеменин уюштуруучулары (түзүүчүлөрү) жана юридикалык дареги өзгөргөндүгүнө байланыштуу Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгында кайра каттоодон өткөн. Жаңы уюштуруучусу:
- Бабакулова Чинара Манасбековна, Кыргыз Республикасынын жараны
Учурда агенттик билим берүү уюмдарын жана программаларын аккредитациялоодо өз ишмердүүлүгүн активдүү жүргүзүүдө. Ал бардык деңгээлдеги билим берүү мекемелеринде – башталгыч кесиптик билим берүүдөн баштап жогорку кесиптик билим берүүгө чейин институционалдык жана программалык аккредитациялоону, ошондой эле жалпы орто билим берүүнү аккредитациялоону жүргүзөт.
