Аккредитациялык кеңеш Агенттиктин башкаруу органынын алдында түзүлүүчү коллегиалдуу орган болуп саналат. Кеңештин ишинин максаты -аккредитациялоону жүргүзүүчү эксперттик комиссия тарабынан даярдалган Аккредитациялоо жөнүндө отчеттун жана аккредитациялоо жол-жобосун жүргүзүүнүн тартибин жана талаптарын жөнгө салуучу ченемдик документтерди негизинде билим берүү уюмдарын жана программаларын аккредитациялоо же аккредитациялоодон баш тартуу жөнүндө чечимдерди кабыл алуу болуп саналат.
Аккредитациялоо кеңеши 5 кишиден турат. Анын курамы директордун сунушу менен Аккредитациялык кеңеш тарабынан бекитилет.
Бул Кеңеш 5 жылдык мөөнөткө ар кандай жамааттардын өкүлдөрүнөн шайланат, алар өздөрүнүн кесиптик ишинин чөйрөсүндө жакшы репутацияга ээ болуу керек. Аккредитациялоо кеңешинин мүчөлөрүнүн жалпы санынын ичинен иш берүүчүлөр (экономика сектору) 30%дан кем эмесин, жарандык коомдун өкүлдөрү дагы 30%тен кем эмесин, калгандары коомдун мамлекеттик (академиялык) секторунун өкүлдөрүн түзөт.
Билим берүү уюмдарын жана программаларын аккредитациялоо жөнүндө чечим кабыл алуу же аккредитациялоодон баш тартуу үчүн Аккредитациялоо кеңеши төмөнкү ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат:
- Билим берүү уюмдарын жана программаларын аккредитациялоонун аяктаган жол-жоболору жөнүндө эксперттик комиссиянын корутундусун кароону жана баалоону жүргүзөт;
- Аккредитациялоо үчүн зарыл болгон бардык процедуралардын сакталышын текшерет;
- Аккредитациялоо процессинде талдоо жүргүзүлгөн документтердин тизмесин изилдейт;
- Аккредитациялоонун ар кандай аспектилери боюнча эксперттердин атайын корутундуларын карайт;
- Билим берүү уюмдарынын аккредитациялоонун тартибине карата суроо-талаптарын карайт;
- Билим берүү уюмдарын жана программаларын аккредитациялоо же аккредитациялоодон баш тартуу жөнүндө коллегиалдуу чечимдерди кабыл алат (добуш берүүгө катышат).
Агенттиктин Аккредитациялык кеңешинин (АК) курамы
№ | Сүрөтү | ФИО | Негизги жумушунда ээлеген кызмат орду | Илимий даражасы, илимий наамы (бар болсо) | Кеңештеги аткарган милдети |
Жарандык коом сектору | |||||
1 | ![]() | Осмонов Шамил Канатович | Кыргыз Республикасынын энергетика жана электротехника өнөр жайы кызматкерлеринин профсоюз комитетинин төрагасы | - | Кеңештин төрагасы |
2 | ![]() | Молдокасымов Кыяс Сатарович | Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратына караштуу «Мурас» фондунун төрагасы | Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген маданият ишмери, тарых илимдеринин кандидаты, профессор | Кеңештин мүчөсү |
Мамлекеттик (академиялык) сектор | |||||
3 | ![]() | Токторалиев Биймырза Айтиевич | Кыргыз Республикасынын НАН академиги, Эл аралык Тоо институтунун директору | Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген илим ишмери, биология илимдеринин доктуру, профессор | Кеңештин мүчөсү |
Экономика сектору | |||||
4 | ![]() | Кыштообаев Орозалы Торобекович | Ош шаарынын мамлекеттик мекеме «Кадастр» филиалы, маалыматтык технологиялар секторунун башчысы | - | Кеңештин мүчөсү |
5 | ![]() | Кадыров Артурбек Сайдуллаевич | Ош ПЭС подстанцияларынын кезектеги диспетчери. ОсОО «Энерго-Проект» жетекчиси | - | Кеңештин мүчөсү |