Аккредитациялык кеңеш коллегиалдуу орган болуп саналат, анын максаты аккредитациялоону жүргүзүүчү эксперттик комиссия тарабынан түзүлгөн аккредитациялык корутундунун жана аккредитациялоонун жол-жобосун жана талаптарын жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын негизинде билим берүү уюмдарын жана программаларын аккредитациялоо же аккредитациялоодон баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алуу.
Кеңештин ишинин максаты билим берүү уюмдарын жана программаларын аккредитациялоо (программалык, институционалдык) же аккредитациялоодон баш тартуу боюнча объективдүү жана негизделген чечимдерди кабыл алуу болуп саналат.
Кеңештин курамы жеткиликтүү маалымат булактарында жарыяланган ачык конкурстун жыйынтыгы менен агенттиктин негиздөөчүсү тарабынан бекитилет жана бештен кем эмес кишиден түзүлөт.
Кеңеш өзүнүн кесиптик ишинин чөйрөсүндө жакшы ишкердик репутацияга ээ болгон кесиптик бирикмелердин, экономикалык сектордун жана жарандык коомдун өкүлдөрүнөн 3 жылдык мөөнөткө шайланат.
Агенттиктин Аккредитациялык кеңешинин (АК) курамы
| № | Сүрөтү | ФИО | Негизги жумушунда ээлеген кызмат орду | Илимий даражасы, илимий наамы (бар болсо) | Кеңештеги аткарган милдети |
| 1 | ![]() | Осмонов Шамил Канатович | КР энергетиктер профсоюзунун укуктук инспектору | - | Кеңештин төрагасы |
| 2 | ![]() | Молдокасымов Кыяс Сатарович | Жарандык коомдун өкүлү | Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген маданият ишмери, тарых илимдеринин кандидаты, профессор | Кеңештин мүчөсү |
| 3 | Маньковский Игорь Борисович | Кесиптик билим берүү ассоциациясынын мүчөсү | - | Кеңештин мүчөсү | |
| 4 | ![]() | Төрөханов Кубанычбек Байжигитович | "ДАКУ" ЖЧКсынын директору | - | Кеңештин мүчөсү |
| 5 | ![]() | Абдылдаева Шайырбүбү Жамангуловна | “Умай-Эне” аялдардын коомдук бирикмесинин башкармалыгынын төрайымы», Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн эмгек сиңирген кызматкери, Кыргыз Республикасынын кесиптик-техникалык билим берүүсүнүн отличниги. | - | Кеңештин мүчөсү |




