
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
15-майынын 2024-жылдан № 246
Билим берүү тармагында аккредитация боюнча нормативдик укуктук актыларды бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Билим жөнүндө» мыйзамынын 1, 24 ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» конституциялык мыйзамынын 13, 17 статьяларына таянып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети төмөндөгүлөрдү белгилейт:
– Билим берүү тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда түзүлгөн Улуттук аккредитациялык кеңештин жобосун 1-тиркемедегидей ырастоо;
– Билим берүү тармагындагы аккредитациялоо агентстволорунун ишмердүүлүгүн таануу жана мониторинг жүргүзүү тартиби жөнүндө жобону 2-тиркемедегидей ырастоо;
– Билим берүү тармагындагы аккредитациялоо үчүн талаптар жана критерийлерди 3-тиркемедегидей ырастоо.
2. Аккредитация боюнча чыгымдарды каржылоону Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин республикалык бюджетинен каралган каражаттардын чегинде жүргүзүү.
3. Төмөнкүлөрдү күчүн жоготкон деп табуу:
– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-авгунундагы № 438 «Билим берүү тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда Улуттук аккредитациялык кеңеш түзүү жөнүндө» деген токтомунун күчүн жоготкон деп табуу:
– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 29-сентябрындагы № 670 «Кыргыз Республикасынын билим берүү системасында көз карандысыз аккредитациялоо боюнча актыларды бекитүү жөнүндө» деген токтомунун күчүн жоготкон деп табуу:
– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 4-октябрындагы № 525 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 29-сентябрындагы № 670 «Кыргыз Республикасынын билим берүү системасында көз карандысыз аккредитациялоо боюнча актыларды бекитүү жөнүндө» токтомуна толуктоо киргизүү жөнүндө» деген токтомунун күчүн жоготкон деп табуу:
– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 11-декабрындагы № 799 «Билим берүү ишмердүүлүгүн аккредитациялоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кээ бир чечимдерин өзгөртүү жөнүндө» деген токтомунун күчүн жоготкон деп табуу:
– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 22-январындагы № 18 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 29-сентябрындагы № 670 «Кыргыз Республикасынын билим берүү системасында көз карандысыз аккредитациялоо боюнча актыларды бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» деген токтомунун күчүн жоготкон деп табуу:
– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 30-мартындагы № 189 «Билим берүү мекемелерин аккредитациялоо тармагындагы кээ бир маселелер жөнүндө» деген токтомунун күчүн жоготкон деп табуу:
– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-июнундагы № 289 «Билим берүү мекемелерин аккредитациялоо тармагындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кээ бир чечимдерин өзгөртүү жөнүндө» деген токтомунун күчүн жоготкон деп табуу:
– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 11-декабрындагы № 601 «Философия доктору (PhD)/профил боюнча доктор даярдоо маселелерин жөнгө салуучу актыларды бекитүү жөнүндө» токтомунун 2-тиркемеси
4. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине:
1) билим берүү мекемелеринин жетекчилери жана аккредитациялоо агентстволору арасында аккредитациялоо маселелери боюнча маалыматтык-түшүндүрмө иштерди жүргүзүү;
2) Бул токтомдон келип чыккан тийиштүү чараларды көрүү;
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетиннин чечимдерин аткарууну көзөмөлдөө башкармалыгына жүктөө.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күндөн кийин күчүнө кирет.
Расмий мамлекеттик гезит “Эркин-Тоо” 2024-жылдын 17-майында № 37 (3590) жарыяланган
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы | А.У. Жапаров |