2025-жылдын 27-28-февраль күндөрү Ош шаарындагы «Силк Роуд Эдюкейшн” жоопкерчилиги чектелген коомуна тиешелүү Кыргызстан Эл аралык мектеби программалык аккредитациялоодон өттү. Аккредитациялоону өткөрүү үчүн 2025-жылдын 25-февралындагы №4 буйругу менен сырттан эксперттик баалоо комиссиянын курамы түзүлүп, окуу жайына баруу программасы бекитилди.

Эксперттик комиссиянын курамы:

  • Болушева Жоогазын Мырзабековна – ОшМУнун “Билим” лицейинин орус тили жана адабияты мугалими жана ОшМУнун академиялык иштер башкармалыгынын жалпы орто билим берүү боюнча башкы адиси, комиссиянын төрайымы;
  • Максытова Асматхан Асилбековна – Ноокат районундагы Кулатов айыл аймагындагы Мурзакарим Кудайбердиев атындагы мектеп–лицейинин социалдык педагогу жана география мугалими, комиссиянын мүчөсү;
  • Асилбек кызы Жыпара – “Эл баасы” агенттигинин башкы эксперти, аккредитациялоо процессин уюштуруучу.

Аталган мектепте окуу процесси мамлекеттик жана Кембридж окуу программалары менен жүргүзүлөт. Математика, англис тили, биология, химия, табият таануу сабактары Кембридж системасынын программасы менен окутулат. Калган сабактар КРсынын мектептип окуу программасы менен окутулут. Ар бир окуу жылында Кембридж системасынын экзамендик пакеттерине ылайык окуучулардан экзамендер алынып турат. Мектеп Кембридж сертификатына ээ болгон.

Комиссия өз ишин бекитилген программага ылайык 2 күн жүргүздү, т.а. иш-кагаздарынын мамлекеттик стандарттын талаптарына шайкеш келүүсү каралды, окуучулар, ата-энелер, бүтүрүүчүлөр, социалдык өнөктөштөр менен жолугушуулар уюштурулуп, тиешелүү суроолорго жооптор алынды. Ошондой эле, эксперттик комиссия билим берүү уюмунун материалдык-техникалык базасы менен таанышып чыкты.

Жыйынтыгында эксперттик топ өз корутундусун Аккредитациялоо агенттигинин аккредитациялоо кеңешине сунуштады.

Жооп калтыруу