2025-жылдын 24-25-март күндөрү Бишкек шаарындагы «Моушн Групп” ачык акционердик коомунда ишке ашырылып жаткан кошумча кесиптик билим берүү программалары аккредитациялоодон өттү. Аккредитациялоону өткөрүү үчүн 2025-жылдын 19-мартындагы №6 буйругу менен сырттан эксперттик баалоо комиссиянын курамы түзүлүп, окуу жайына баруу программасы бекитилди.

Эксперттик комиссиянын курамы:

  • Бекмурзаева Буажар Абдисаттаровна – Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги алдындагы Республикалык педагогдордун кесиптик билимин жогорулатуу жана кадрларды даярдоо институтунун “Информатика, технология жана искусство” кафедрасынын ага окутуучусу, комиссиянын төрайымы;
  • Гейн Евгений Александрович – Бишкек шаарындагы №93 Кесиптик лицейинин өндүрүштүк окутуунун мастери, комиссиянын мүчөсү;
  • Сариева Ирина Керимовна Керимовна – “Эл баасы” агенттигинин директорунун орун басары, аккредитациялоо процессин уюштуруучу.

Аталган билим берүү уюмунда “Жасалма интеллект инженери” жана “Full-Stack” багытындагы кыска мөөнөттүү курстар окутулат.

Комиссия өз ишин бекитилген программага ылайык 2 күн жүргүздү, т.а. иш-кагаздарынын талаптарга шайкеш келүүсү каралды, окуучулар, ата-энелер, бүтүрүүчүлөр, социалдык өнөктөштөр менен жолугушуулар уюштурулуп, тиешелүү суроолорго жооптор алынды. Ошондой эле, эксперттик комиссия билим берүү уюмунун материалдык-техникалык базасы менен таанышып чыкты.

Жыйынтыгында эксперттик топ өз корутундусун Аккредитациялоо агенттигинин аккредитациялоо кеңешине сунуштады.

Жооп калтыруу